АЛГЫР КУШТАР
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн, мүлүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай,
ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы
м-н башка куштардан айырмаланат. А. к. оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, о. эле зоокчулу к (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. А. к. тартуу ж-а кыздын себине, калыӊга баш ат катары да берилген. Азыркы учурда А. к-ды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. А. к-дын ичинен бүркүт м-н карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.