«АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ адабий-көркөм ж-а коомдук-саясий басылма. Кырг-н м-н Маданият министрлигинин органы катары ай сайын чыгып келген. Адегенде «Чабуул» (1931) деген аталышта жарык көрүп, туӊгуч редактору А. Токомбаев болгон. 1933-ж. «Кыргыз совет адабияты», 1938-ж. «Ала-Тоо», 1939‒42-ж. «Советтик адабият жана искусство», 1942‒56-ж. «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1956-жылдан баштап кайра «Ала-Тоо» деген ат м-н чыга баштаган. Журнал кыргыз ад-тынын калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон. Кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардык көрүнүктүү чыгармалары алгач ирет «Ала-Тоого» жарыяланып турган. Ал окурмандарды орус ж-а дүйнөлүк классиктердин чыгармалары м-н да кеӊири тааныштырган. Журнал кыргыз элинин тарыхы, улуттук өзгөчөлүгү, мад-ты, ата салты, үрп-адаты, тилине байланыштуу курч ж-а маанилүү материалдарды жарыялаган.