«АЛА-ТОО» БАСМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Кырг-нда мезгилдүү басма сөздү басып чыгаруучу мекеме. Ал Кыргыз АССРинин Эл комиссариатынын 1934-жылдын 23-октябрындагы токтомуна ылайык «Кызыл Кыргызстан» басмасы болуп түзүлгөн. 1956-жылдан баштап «Советтик Кыргызстан», 1960-ж. «Ала-Тоо» басмасы деп аталган. Уюштурулган мезгилден бери респ-дагы бардык газеталарды ж-а «Ала-Тоо» ж. б. журналдарды чыгарып турган. 1972-ж. «Кыргызстан КП БКнын басмасы» түзүлгөндө, газета-журналдарды чыгаруу иши экиге бөлүнүп, бул басма «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан» журналдарын, «Кыргызстан маданияты» жумалыгын ж. б. басылмаларды чыгарган. 1998-ж. жоюлган.