АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒  дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Бишкек ш-нан 30 км түш. тарапта, Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 1700 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы минералдуу суулар чыгуучу зонада жатат. Палеозой заманынын башталышында пайда болгон граниттер дин арасындагы тектон. жарака аркылуу жербетине булак түрүндө чыгат. Дебити 5‒7 л/сек. Суу өзүнүн хим. курамы, физ. касиети б-ча аз минералдашкан (0,4‒0,8 г/л), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү жылуу сууларга кирет. Суунун темп-расы 20°‒30°, түссүз, жытсыз ж-а даамсыз, курамында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суунун дарылык ка

сиеттеринин бири анын курамында кремний к-тасынын (30‒50 мг/л) болушунда. Муун, ашказан, нерв, гинекология ооруларына пайдаланууга болот. 1997-жылдан баштап суу бөтөлкөлөргө куюлуп сатылууда.