АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ
Jump to navigation
Jump to search
(АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-ж. Париждеги Л. Пастер атн. ил.-из. ин-тунун проф. Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү м-н ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда проф. Галло ж-а жардамчылары бул вирусту ИЖОС м-н ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК м-н ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, ген. маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-ж. анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара ген. белгилери м-н айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) м-н аталат. Гомосексуалдар-