АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак
15:30, 18 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) (Nurjan moved page АК-МУЗ to АК-МУЗ - Ат-Башы р-ндагы кыштак) тарабынан жасалган версия
АК-МУЗ – Нарын обл‑нун Ат‑Башы р‑ндагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш‑нан 32 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑ж. отурукташкан. Калкы 2793 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.