«АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:13, 16 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ ‒ адабий-көркөм жана коомдук-саясий басылма. КР Маданият министрлигинин органы катары ай сайын чыгып келген. Адегенде «Чабуул» (1931) деген аталышта жарык көрүп, анын туӊгуч редактору А. Токомбаев болгон. 1933-ж. «Кыргыз совет адабияты», 1938-ж. «Ала-Тоо», 1939‒42-ж. «Советтик адабият жана искусство», 1942‒56-ж. «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1956-жылдан баштап кайра «Ала-Тоо» деген ат менен чыга баштаган. Журнал кыргыз адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон. Кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардык көрүнүктүү чыгармалары алгач ирет «Ала-Тоого» жарыяланып турган. Ал окурмандарды орус жана дүйнөлүк классиктердин чыгармалары менен да кеӊири тааныштырып турган. Журнал кыргыз элинин тарыхы, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, ата салты, үрп-адаты, тилине байланыштуу курч жана маанилүү материалдарды жарыялаган. Кийин финансы маселесине байланыштуу журнал көп жылдар бою чыкпай, токтоп калган. 2009-ж. журнал «ЖАҢЫ АЛА-ТОО» деген аталышта кайрадан чыгарылып, өз ишмердүүлүгүн уланта баштаган.