АК-БУЛАК - Ак-Суу районундагы кыштак
12:43, 13 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) (Nurjan moved page АК-БУЛАК 2 to АК-БУЛАК - кыштак) тарабынан жасалган версия
АК-БУЛАК– Ысык‑Көл обл‑нун Ак‑Суу р‑ндагы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагына караштуу. Ысык‑Көл өрөөнүнүн чыгышында, Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун (Жыргалаңдын оң куймасы) боюнда деңиз деңг. 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш‑нан 33 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1924‑ж. отурукташкан. Калкы 1919 (2009); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, клуб бар.