«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ
«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ – төкмө акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004–20-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев жетектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. Айталиевдин ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшүнө, азыркы төкмө акындардын республикалык эл аралык айтыштарга жигердүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу менен «Актаңдайлар» аттуу китеп жарык көргөн (2003), ошондой эле республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» адабий клубу негизделип, КТРКнын «Айтыш», «Чечен айтыш», «Бетме‑бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат. 2021–22-жылдары М. Самыйкожо жана А. Маратовдор теңтөрагалыкта кызмат өтөшкөн. Учурда бул коомдук фонддун төрагасы А. Маратов.