АВЕРШИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВЕРШИН Степан Гаврилович (30. 10. 1901, Курск обл., Беловск р-ну, Крупец кыш., - 9. 10. 1972, Москва) - тоо-кен иштери б-ча илимпоз.

АВЕРШИН71.png

Техника илимд. доктору (1946), проф. (1946), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), Россиянын илим жана техникага эмг. сиң. ишмери (1961). А. 1931-ж. Ленинград тоо- кен ин-тун бүтүрүп, Ленинграддагы Бүткүл союздук марк-шейдердик ил.-из. ин-тунда. иштеген. 1965-ж. Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти болуп шайланган. А-дин эмгектери негизинен тоо-кен иштеринде көмүр жана кен казмаларында тектердин механикасын, басымын жана алардын жылышууларын изилдөөгө багытталган. Илимдин бул тармактары б-ча 100гө жакын ил. эмгеги бар. А. СССР мамл. сыйл. эки жолку лауреаты (1968, 1971). Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмг.: Сдвижение горных пород при подземных разработках. М., 1947; Горные удары. М., 1956; Поддержание горных выработок на шахтах Киргизии (Зотов С. В., Ялымов Б. Г. менен авторлош). Ф., 1968.