АБДРАЕВ Мукаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:50, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДРАЕВ Мукаш (5. 5. 1920, Чүй обл., Сокулук р-ну, Чоң-Жар айылы – 1979, Фрунзе) – композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз

АБДРАЕВ18.png

ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974), Кыргыз музыкалык драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында (1935–40) окуган. П. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн (1950). А. 1967-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун Башкармасынын председатели, 1950-58-ж. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында педагог, Кыргыз кыз-келиндер пед. институтунун кафедра башчысы (1962-67), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция кафедрасынын башчысы (1975), проф. (1973). А-дин чыг-лык иши 1940-ж. башталган. Ал өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Хор жанрын өнүктүрүүгө да көп көңүл бурган. Хорлору көбүнчө мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган (мис., «Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргызстан жаштары» ж. б.). 200гө жакын лирикалык ырларды («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага» ж. б.) чыгарган. А. кыргыз музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өз салымын кошкон. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» ж. б. кыргыз романстарынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитордун балдар үчүн да ырлары («Бешик ыры», «Ой, балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн» ж. б.) бар. А-дин чыгармачылыгында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыка негизги орунду ээлейт. Анын «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине айланган. А. Малдыбаев, А. Тулеев, А. Аманбаев менен бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А. Түлеев менен бирге «Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына (1944) музыка жазган. Ондогон аспаптык чыгармалары да бар. А. «Токтогул композитор» (Б. Алагушов менен бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 6-, 7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» аттуу окуу китептеринин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган хорлор» (1970) ж. б. обондуу ыр жыйнактары жарык көргөн. А. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7-8-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. А-дин ысымы Бишкек шаарындагы Республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернатка берилген.
Ад.: Кыргыз композиторлору. Ф., 1964.
Б. Алагушов.