АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү б-ча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мис., айнек, фарфор, чопо ж. б. А. з-дын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, б. а. анын физ. касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар б-ча бирдей болушат. А. з-дын белгилүү эрүү темп-расы болбойт, алар темп-ранын жогорулашы менен жумшарын барып, темпранын кандайдыр интервалында эрийт.