АМИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИНДЕР – аммиактагы NH3 суутектин бир, эки же үч атомунун орг. радикалдар (R) менен орун алмашуусунан пайда болгон бирикмелер. Суу-тектин орун алмашкан атомдорунун санына жараша биринчилик (RNH2), экинчилик (R2NH) жана үчүнчүлүк (R3N) болуп бөлүнөт (мында Rсн., с2н5, с6нп, с6н5 ж. б.). Радикалдардын түзүлүшүнө жараша алар алифаттык (метиламин CH3NH2), алициклдүү (циклогексиламин C6H11NH2), ароматтуу (фениламин же анилин C6H5NH2) жана гетероциклдүү [2- аминопиридин C5H4N(NH2)] болуп айырмаланат. Молекуласындагы амин топторунун санына жараша моно-, ди-, три- жана полиаминдер деп аталат. Жөнөкөй А. – аммиак жыттуу газ, ири мол. массалуу А. суюктук жана катуу заттар. Ал негиздик касиетке ээ, к-талар менен сууда эрүүчү туздарды пайда кылат. Катализатордун таасири менен спирттерге NH3 кошкондо биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк А. пайда болот: формула жазылат.Нитробирикмелерди калыбына келтирүү ж. б. жолдор менен да алынат. А. өнөр жайларда боёк, дары-дармек заттарды, капрон, нейлон буласы алынуучу полимерлерди өндүрүүдө кеңири колдонулат. Алифаттык А. нерв системасына зыяндуу. Кээ бир ароматтык А. канцерогендүү болгондуктан адамдын табарсыгында рак оорусунун пайда болушуна алып келет.