АМИНКИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:41, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИНКИСЛОТАЛАРЫ – молекуласында карбоксил (СООН) жана амин (NH2) топтору бар орг. бирикмелер. Амин топтордун жайгашышына жараша α-, β-, γ- аминкталары деп бөлүнөт.α-А. жогорку темп-рада (220-315°С) эрий турган түссүз кристалл түрүндөгү заттар, сууда жакшы эрийт, көпчүлүк орг. эриткичтерде эрибейт. Белок молекулалары А-нан турат жана аны гидролиздөөдөн 20дан ашык А. алынган. Алар α-, β- каныкпаган карбон к-таларына аммиакты кошуудан алынат. 1926-ж. В. М. Родионов реакцияны бир баскычта жүргүзүү жолун, б. а. чексиз карбон к-таларына аммиакты кошуу реакциясын сунуш кылган.

Бир NH2 жана бир СООН тобун кармап турса моноамин карбон к-талары, мис., NH.-CH.-COOH (глицин), эгерде эки NH2 жана бир СООН тобу болсо диамин карбон к-талары NH2-CH2- (СН2)3 CH(NH2)3-COOH (лизин), ал эми бир NH2, эки СООН тобу бар к-талар моноамин дикарбон к-талары деп аталат. А. амфотердик касиетке ээ. Белок молекуласы А-нан тургандыктан тирүү организм үчүн мааниси өтө чоң. Медицинада дары-дармек катары, тамак-аш өнөр жайында, кээ бири пластмасса жана синтездик була алууда, мал чарбасында жана ветеринарияда, малды тоюттандырууда колдонулат. Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия. Б., 1991.

Ж. Медетбекова.