АЛЛЕМАНДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:40, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search


АЛЛЕМАНДА (фр. allemande ‒ немецтик) ‒ эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. 16-к-дын ортосунда Англия, Нидерландияда кеӊири тараган. 17‒18-к-да Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эӊ негизги жай бөлүмү А. аталган.