АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович
АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович (15. 1. 1956‑ж. т., Нарын ш.) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессору (1991). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), КРдин илим жана техника б‑ча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2000, 2004).
1977‑ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1977–78‑ж. Ош педагогикалык институтунда, 1978–79‑ж. КМУда окутуучу, 1979‑жылдан КР УИАнын Тил жана адабият институтунда кенже, 1983‑жылдан улук, 1990-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, 1992–94‑ж. Адабият жана искусство институтунун, 1995-жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун директору. А. Акматалиевдин эмгектери манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган. Анын эмгектери адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А. Акматалиевдин жетектөөсү менен кыргыздын бай фольклордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугу жана «Манас» эпосунун академиялык басылышынын (С. Орозбаков жана С. Каралаевдин варианттары б‑ча) 9 томдугу биринчи жолу жарык көрдү. А. Акматалиев түзгөн «Улуу инсандар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырууга катышкан. А. Акматалиевдин жетекчилиги менен даярдалган «Кыргыз адабиятынын тарыхы» (7 томдук) КРдин К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгына (2004) татыган.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий байланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002.
А Кадырмамбетова.