АКВАРИУМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:43, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКВАРИУМ (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк жана жаныбарларды өстүрүү жана багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүм­дүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, А‑дун түзүлүшү жана формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде орг. айнектен жа­салат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – А‑дагы сууну кычкылтек менен каныкты­руу жана зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек менен каныктыруу үчүн А‑га суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жа­рык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта аквариум балыктары бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газ­ды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суу­дан орг. жана орг. эмес заттарды сиңирет. А‑дун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса бо­лот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосун­да сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жал­бырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө А‑дун болу­шу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изил­дөө жана көргөзүү максатында деңиз жана тузсуз сууда жашоочу фауна жана флора өкүлдөрүн кар­моочу атайын мекеме. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүн­дө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай А. 1‑жолу 19‑к‑дын 2‑жарымында уюшулган (1871‑ж. Севастополдо, 1872‑ж. Неаполдо). Айрым деңиз A‑у океанириум деп аталат.