АК КУНАС
Jump to navigation
Jump to search
АК КУНАС (Ciconia) – кунастар уруусундагы куш. Бийикт. 1 мге жакын. Түсү ак, кара ала, тумшугу менен буту кызыл. Фергана жана Чүй өрөөнүнүн талааларында, саздак жерлерде сейрек жолугат. Уясын ири дарактарга салып, бир жылда бир жолу 2‑5 жумуртка тууп, балапандарын басып чыгарат. Бака, балык, чычкан, кескелдирик жана курт‑кумурскалар менен азыктанат. Бул куш мындан көп жыл мурун Борб. Азияда кеңири таралган. Азыркы учурда бардык жерде азаюуда. Анын кескин азайып кетишине саздардын кургатылышы, дың жерлерди бузуп, айдалышы себеп.
1952‑жылдан Кыргызстанда А. к‑ты кармоого тыюу салынган. 1975‑ж. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.