АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:46, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ Ч а а р - Т а ш Ички Теӊир-Тоодо; Фергана тоо тизмегинин борб. бөлүгүнө жанаша жатат. Түндүгү менен батышынан Тогуз-Торо, чыгышынан Орто-Нарын өрөөндөрү менен чектешет. Түш.-батыштан чыгышты карай 40 кмге созулат; туурасы 10 км. Батышта Кылдоонун бели (Ой-Кайыӊ) аркылуу Фергана тоо тизмегине кошулат. Ой-Кайыӊ суусу тоону кесип агып, антецедент өрөөнүн пайда кылган. Орт. бийикт. 3400 м, эӊ бийик жери 4786 м. Гранит жана акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Чыгышында (Алабуга суусунун чатында) неогендин чополуу тоо тегине «чөгүп» кетет. Борб. бөлүгү бийик, түн. бети тик жана аскалуу. үстү жана түш. капталы жылмаланган, жайдак. А.-Ш. к. -нун структурасы б-ча ‒ горст-антиклиналь. Чыгыш жана батыш тараптары кургак талаа (2400‒3400 м), түн. бети (Көл, Беш-Көл) карагайлуу. Ой-Кайыӊ жана Оорук-Там тулаӊ, бадалдуу (четин, карагат, бөрү карагат, ит мурун, табылгы), түш. жаккы өрөөндөрүндө шалбаа чөптөрү өсөт (2500‒2800 м). Жайыт.