АК-МУЗ - Ат-Башы районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:11, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-МУЗ – Нарын обл‑нун Ат‑Башы р‑ндагы кыштак. Ак‑Муз айыл аймагынын борбору. Бо­ронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-­Башы кыш‑нан 32 км чыгыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 280 км. 1930‑ж. оту­рукташкан. Калкы 2793 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепка­на, оорукана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.