АК-БУЛУҢ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛУҢ – Ысык‑Көл обл‑нун Ак‑Суу р‑нда­гы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагынын борбо­ру. Ысык‑Көл өрөөнүнүн чыгышында Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун сол жээ­гинде (Жыргалаңдын сол куймасы), Каракол-Жыргалаң автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш‑нан 14 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 258 км. 1922‑ж. отурукташкан. Калкы 1929 (2009); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгекте­нет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулато­рия, ФАП бар. «Назгүл» нан бышыруучу кичи иш­канасы иштейт. Кыштакта комузчу жана элдик ком­позитор Ыбырай Туманов (үй музейи ачылган), сов. чек арачы К. Торгоев (кыштакта бюсту орнотулган) туулган.