АК-БУЛАК - Ак-Суу районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:47, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛАК– Ысык‑Көл обл‑нун Ак‑Суу р‑нда­гы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагына караш­туу. Ысык‑Көл өрөөнүнүн чыгышында, Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун (Жырга­лаңдын оң куймасы) боюнда деңиз деңг. 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ка­ракол ш‑нан 33 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1924‑ж. отурук­ташкан. Калкы 1919 (2009); негизинен мал чар­басында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, клуб бар.