АЛЫМКУЛОВ Карыпбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:14, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВ Карыпбек (13. 2. 1938-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы) – электр техник, техника илимд. доктору (1997), проф. (1992), КРдин Инженердик акедемиясынын акад.(1991). КРдин өнөр жайга эмг. сиң. иш-мери (1993). ФПИни (1960), Ленинграддагы Электр техника ин-тунун аспирантурасын бүтүргөн (1964). ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, ФПИнин энергетика ф-тинин проф. (1965-2000), КСЭнин Башкы редакциясында техника редакциясынын башчысы (1968-71), Электр машиналарын куруу б-ча ил.-из., долбоорлоо-конструктордук жана технол. ин-тунун директору (1972-88), КРдин Өкмөтүнүн башкаруу ин-тунун ректору (1988-92), «Электр техникасы» ил.-тех. борб-нун директору (1992-2000), Кыргызстандарттын алдындагы Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо б-ча Россия академиясынын филиалынын директору (1996-97), КРдин товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (1996-жылдан), СССРдин ойлоп табуучусу (1984). 160тан ашык ил. эмгеги жарык көргөн, анын ичинде 11 монография, 6 сөздүктүн автору. «Даңк» медалы менен сыйланган (2000).
Эмг.: Однофазные асинхронные двигатели для электроприводов малой мощности. Исследования, разработка, внедрение. Б., 1995; Оптимальное проектирование однофазных коллекторных электродвигателей. Б., 2003.