АЙТИЕВ Гапар
АЙТИЕВ Гапар (15. 9. 1912, Ош обл., Кара‑Суу р‑ну, Төлөйкөн айылы – 16. 12. 1984, Бишкек ш.) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кылкалемдин улуу чебери, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР сүрөт академиясынын корр. мүчөсү (1973), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1982). Фрунзедеги агартуу институтунун (кийин борбордук педтехникум) тарых коомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк искусство боюнча атайын билимди Москвадагы «1905-жылды эскерүү» сүрөт окуу жайында алган.
Ал 1934‑ж. Фрунзеде ачылган 1‑республикалык сүрөт көргөзмөсүнө «Атанын портрети» (1932), «Колхоз катчысы Имангазы», «Түштүк кызы» (1934) деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. 30‑жылдардын экинчи жарымында жараткан «Колхозчулардын эс алуусу», «Физкультурниктер», «Байдагы батрак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулган. Ал сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун (1937), акын А.Осмоновдун (1938) портреттерин тарткан. Ал эми «Көлдөгү кайык» (1939), «Боз үйлөр» (1940) аттуу чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронттон кат» (1943), «Пахта терүү» (1944), «Колхоз короосу» (1946) сүрөттөрү Г. Айтиевдин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар б‑ча ийгиликтүү иштесе да, анын негизги жанры пейзаж болгон. «Кайыктар» (1947), «Жумгал өрөөнүндө» (1949), «Сазда» (1954), «Жалтылдаган көл» (1960) аттуу чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн демейки элеси катары тартылган менен алардын негизинде рухий терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. «Жайлоодогу чак түш» (1949), «Тоодогу кеч» (1958), «Кыштак четинде» (1956) деген чыгармалары, атактуу «Ысык‑Көлдөгү чак түш» картинасы бирин бири толуктап турат. 60‑жылдары Г. Айтиев «Чабандар» (1960‑61) аттуу полотносу, «Ысык‑Көл – кыргыз деңизи» (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон, 1967), «Тоодогу чөп чабуу» (1961) деген пейзаждарды жараткан. «Кыргыз жергеси» аттуу пейзаждар сериясы, «Тоо мейкини» (1964), «Чүй өрөөнүндөгү күз» (1965), «Анжияндын айланасы», «Түштүктөгү кеч» (1967), «Калкагар зоо» (1969), «Талаадагы тандыр» (1972), «Көңүл», «Тоодогу күүгүм» (1973), «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» (1974) аттуу чыгармалары сүрөт өнөрүнүн бийик үлгүлөрүнөн болуп калды. Г. Айтиев асыл адамдар бейнесин боёктор кудурети менен жазуунун теңдешсиз чебери да болгон. М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов менен бирге жараткан «Акындар» (1957) аттуу залкар чыгармасы, «Жылкычы», «Токтогул» (1958), «Саякбай» (1965) жана акын А. Токомбаевдин (1972) бедиздик портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. Г. Айтиевдин монументтик искусстводо да айтарлык салымы бар. 1951-54‑ж. Кыргыз опера жана балет театрынын имаратын жасалгалоого көркөм жетекчи болгон. Ал – көрүү залынын плафонундагы роспистин жана театрдагы адамдын көз жоосун алган орнаменттик композициялардын автору. Нарын шаарындагы революционер Жукеев‑Пудовкинге , Фрунзедеги кыргыздын улуу демократ акыны Т. Сатылгановго (1974) коюлган эстеликтердин (арх. А. Исаев) автору. Ал узак жылдар бою (1940‑68) Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзун жетектеп, кыргыз сүрөтчүлөрүнө жана жалпы республикалык сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө таасир тийгизген. Г. Айтиевдин чыгармалары 1934‑жылдан жалпы союздук, 1958‑жылдан эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970‑ж. Москвада, 1973-ж. Фрунзеде анын чыгармаларынын көргөзмөсү ийгилик менен өткөн. Айтиевдин эң мыкты чыгармалары кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин, Алматыдагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов шаарындагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8‑9‑шайланышы), 1969‑жылдан Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы б‑ча комитеттин председатели болгон. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.
Ад.: Асанбеков С. Сүрөтчү. Ф., 1962; Черкасова Н. В. Гапар Айтиевич Айтиев. 1961; Народный художник Киргизской ССР Гапар Айтиев. Каталог выставки. М., 1970; Первый киргизский художник: Г. Айтиев. Ф., 1983. С. Асанбеков.