АЙЛАНМА КАПИТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНМА КАПИТАЛ– өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; А. к. туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. А. к. наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жү­гүртүү капиталына (товардык жана акча) кир­бейт. А. к‑ды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товардык же соода капиталы катары караган. Д. Ри кардо А. к‑ын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы А. к. түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капи талы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк актив­дерди түшүндүрөт, к. Айланма каражаттар.