АЗОТБАКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:56, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОТБАКТЕР (Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун син­тездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал ша­палакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жак­шы иштетилген топуракта болот. А‑ден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч заттар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан А. жер семирткичи алынат, к. Азот топтоочу микроорганизмдер.