АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:54, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ, а г р о х и м и я л ы к к а р т а ‒ а. ч-сына жарактуу жерлердин топурагын агрохим. изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротех. ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто ж­-а кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү ж-­а өлчөмү аныкталып, топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. А. к. топурактын агрохим. касиети 10 га же андан чоӊ аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө м-­н аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дыӊ, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда А. к. түзүлүшү мүмкүн. Кыргызста­нда А. к. мезгил-мезгили менен жаӊыртылып турат жана агрохим. лаборатория аркылуу ишке ашырылат.