АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ
15:17, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АНАДОЛУ БӨКСӨ ТООСУ (Анатоо, Анатолия (гр. Анатоле – «чыгыш») – Кичи Азия бөксө тоосунун ички бөлүгү, Түркияда. Түштүгүндө Тавр, түндүгүндө Понт тоолору менен чектешет. Негизинен чөкмө тоо тектерден турат; кийинки жанар тоо аракетинин издери бар. Бир катар туюк өрөөндөрдү анча бийик эмес токол тоолор бөлүп турат. Басымдуу бийикт. 800–1500 м, эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанар тоосу). Шор жерлер жана туздуу көлдөр (Туз ж. б.) бар. Жарым чөл, талаа (тоолордо) өсүмдүктөрү өсөт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн, мал асыралат.