БАДИНОВ Толибжон
12:57, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page БАДИНОВ to БАДИНОВ Толибжон) тарабынан жасалган версия
БАДИНОВ Толибжон (4. 8. 1935, Өзбек ССРи, Анжиян обл., Избаскен р-ну, Чуама кыш. ‒ 6. 5. 2001, Ош ш.) ‒ актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1988). 1955‒62-ж. С. М. Киров атындагы Ош өзбек музыкалык-драма театрында эмгектенген. 1963‒70-ж. Ташкент мамлекеттик консерваториясында окуган (бир эле мезгилде Өзбек радиоуктуруу жана телекөрсөтүүсүнүн маком (ыр) ансамблинин солисти). 1964‒73-ж. Ташкент шаарындагы Мукими атындагы театрда, 1973-жылдан Ош өзбек музыкалык-драма театрында артист болгон. Аткарган негизги ролдору: Равшан (К. Яшин, «Равшан менен Зулмухор»), Сабир (И. Акрамов, «Адолат»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Сарытаз (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») ж. б. Т. Бадиновдун макомдору (ырлары) жазылган грампластинкалары чыккан.