АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР (лат. abrasivus кырып-жонуучу) – катуу материалдарды жана пластмассаны иштетүүдө колдонулуучу абразивдүу материалдардан (өзгөчө бышык, катуу заттардан) жасалган жабдыктар. А. а. к а т у у (жылмалоочу тегерек, бөрк, сегмент, кайрак) жана ийилчээк (жануур, тасма ж. б.) болуп бөлүнөт. А. а. негизинен электркорунд, кремний карбиди, жасалма жана табигый алмаздан жасалып, алардын кесүүчү абразивдүү бүртүкчөлөрүн бириктирүүдө чопо, бакелит, силикат, магнезий пайдаланылат. А. а-дын 12 миңге жакын түрү чыгарылат. Аларга кошулган алмаздын өлчөмү (1 мм3 көлөмдөгү алмаз) – анын негизги көрсөткүчү. Алмаз 100% кошулганда, 1 мм3 катмарда 0,878 мг алмаз болот. Мис., жыл малоочу тегерек жасалчу курамга 25– 200% ке чейин алмаз кошулат.