АБДЫЛДАЕВ Эсеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
02:51, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Эсеналы (16. 2. 1932, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Жаркынбаев айылы – 5. 5. 2003, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү жана жыйноочу. Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1997), филология илимдеринин кандидаты (1967), Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы мугалимдер институтунун физика-математика (1951) жана КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын Тил жана адабият институтунда кенже, улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер. «Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө б-ча «Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы» (1966), «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), «Манас» эпосунун историзми» (1987), «Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991), «Манастын тарыхый баатырдык эпос катарында калыптануу жана өнүгүү этаптары» аттуу монографиялык эмгектери бар. А. манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноого жана жазып алууга, «Семетей» бөлүмүн жана С. Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунун академиялык басылышын басмага даярдоого катышкан (1989). М. Мукасов.