«АЙЧҮРӨК» операсы
«АЙЧҮРӨК» – алгачкы кыргыз улуттук операсы. Операнын музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, либреттосун Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов жазган. Лирикалык эпикалык бул опера 1939-ж. кыргыз музыкалык театрында коюлган. Башкы ролдорду алгач аткаргандар: С. Кийизбаева (Айчүрөк), Ж. Садыков (Семетей), А. Малдыбаев (Күлчоро), М. Махмутова (Чачыкей), А. Куттубаева
(Калыйман), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшимбеков (Толтой). Режиссёрлору – А. Куттубаев, В. Васильев, хормейстери – П. Меркулов, балетмейстер – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Я. Штоффер, дирижёру – В. Целиковский. Операнын сюжети бири бирине карама‑каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Операнын музыкалык драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз эпосторун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар менен күүлөрдүн жана жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ыкмаларынын элементтерин композитордук жогорку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен. Элдик музыка менен өнүккөн орус музыкасынын үлгүлөрүнө салып айкалыштырып, элдик обон-күүлөргө жаңы мазмун, жаңы форма берип, аны чыгармачылык менен өркүндөтүшкөн. Улуттук обонго ширелген операнын ар бир фрагментинен чыныгы профессионалдык чеберчилик туюлат. «Айчүрөк» операсы – кыргыз маданиятынын өсүү тарыхында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Элдик эпикалык речитациядан улуттук опералык речитация, элдик обондордон татаал ариялар жаралган. Операда элдик музыканын үлгүлөрүн кеңири пайдалануу менен профессионалдык жанрды түзүү, калыптандыруу, өркүндөтүү кыргыз музыкасынын андан ары өнүгүшүнө шарт түзгөн.
Ад.: Львов Н., Киргизский театр. Очерки истории. М., 1953.