БАЖЫ УКУГУ
Jump to navigation
Jump to search
БАЖЫ УКУГУ ‒ эл аралык укук мамилелеринин принциптерине негизделип, мамлекеттин чек арасы аркылуу жүктөрдү, документтерди жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды контролдоп-текшерүү, товар ташуунун режимдерин, эрежелерин, өлчөмдөрүн, объектилерин жана субъектилерин, чек ара чыгымдарын, андан бошотуу же жеӊилдетүү жолдорун ж. б. маселелерди жөнгө салуучу укук тармагы. Б. у. адм., финансылык, налогдук, банктык, кылмыш-жаза, эмгек ж. б. укук тармактары менен айкалышып аракеттенет. Б. у-нун негизги булактары ‒ эл аралык соода-сатык уюмдарынын конвенциялары, эл аралык соода-сатык экон. келишимдер, Бажы кодекси, мамлекеттин жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруучу органдарынын бажыга тиешелүү актылары эсептелет.
М. Керимбаев.