АШШУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:43, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШШУР, А с с у р ‒ Ассириядагы байыркы шаар. Ирактын аймагында Мосул ш-нын түштүгүнөн 100 км аралыкта жайгашкан (азыр анын ордунда Эш-Шаркат орун алган). Шаар Тигр д-нын аскалуу бийик жээгинен орун алып таш пайдубалдуу, кыштан курулган мунаралуу дубал (бийикт. 15 м, калыӊдыгы 6 м) менен курчалган. А. 3-миӊ жылдыктын аягы ‒ 2-миӊ жылдыктын башында өкүмдар (мурастык) жана ак сакалдар кеӊеши башкарган соода борборуна айланган. Бул мезгил аралыгында бир топ басып алууларга дуушар болгон. Мис., Аккаддын, III Ура династиясынын, Шамши-Адад Iнин, Хаммурапинин тушунда Вавилониянын жана батыштагы коӊшусу Митаннинин бийлигине баш ийген учурлар болгон. 2-миӊ жылдыктын ортосунан А. Ассирия мамлекетинин борборуна айланган. 9-к-да мамлекеттин борбору Калха, 7-к-да Ниневия ш. экендигине карабастан, А. диний борбор жана дүйнөдөн кайткан ассирия падышаларынын коюла турган жери болуп, мамлекеттеги эӊ барктуу шаарлардын бири катары эсептелип, шаарга бир кыйла жеӊилдиктер берилген (соодагерлерге жана шаардыктарга салык салынган эмес ж. б.). 614-ж. Ассирияга каршы мидия-вавилон согушунун жүрүшүндө А. мидиялыктар тарабынан ырайымсыз талкаланган. А-ду казып, изилдөө иштери 1903‒14-ж. немец чыгыш коому тарабынан В. Андренин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. Асемделген хан сарайлары, храмдар, Ассирия падышаларынын жер алдындагы гробницалары, китепкана ж. б. табылган.