БАЗАР-БАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 14 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
БАЗАР-БАШЫ ‒  Баткен р-ндагы кыштак. Кара-Булак айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Баткен ш-нан 2 км түн. тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 20 км. Деӊиз деӊг. 996 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2147 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, бала бакча, ашкана, наавайкана бар.