АФРИГИД МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:12, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФРИГИД МАДАНИЯТЫ‒ б. з-дын 5‒8-к-на таандык археол. эстелик. Хорезмдеги Афригид династиясынын аты менен аталган А. мад-нын эстеликтерин 1937‒40-ж. археолог С. П. Толстов изилдеген. Анын калыптануу учурунда байыркы шаарлар акырындап жоголо баштап, анын ордуна чет-жакадагы жер ээлеринин сепилдери жана анын айланасында отурукташып жаткан калктын турак жайлары пайда болгон. А. мад-нын аймагынын акыркы мезгилинде жаӊы шаарлар өнүгө баштаган. Карапа идиштерди кол менен жасашкан. А. мад-нын эстеликтеринен темир канжар, үч кырдуу жебенин учтары ж. б. табылган.