АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:07, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Ала-Тоосунун ортонку бөлүгүнүн түн. капталында. Уз. 50 км, деӊиз деӊг. бийикт. 1000‒4000 м. А. к. кууш, өтө тереӊ (800‒1000 м). Капчыгайдын баш жагы үч айрыкка бөлүнөт, алар кошулуп, антропоген мезгилиндеги муздук кеӊейткен жайыгыраак (1,5 кмге чейин) төргө өтөт. А. к. улам төмөндөгөн сайын куушурулуп, туурасы 25‒50 мден ашпайт. Капталдары жантык, кээде тик (30‒60°). Чуӊкурчак өрөөнүндө алкымга айланат. Капчыгайдан Аламүдүн суусу агат. Баш жагына шалбаалуу альп жана субальп, төмөнкү бөлүгүнө бадалдуу шалбаа ландшафты мүнөздүү. Капчыгайдан минералдуу суу булактары чыгат. Ал жерге эс алуучу жана дарылануучу жай курулган. Чүй өрөөнүнө чыга беришинде Аламүдүн суу сактагычы курулган. А. к. негизинен жайыт ж-а туристтик жай катары пайдаланылат.