Жусубалиев

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Бактыбек Бейшеналиевич (1963-ж.т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) – милициянын генерал-майору (2014). СССР ИИМдин Фрунзедеги атайын орто мектебин (1987), СССР ИИМдин Караганды Жогорку мектебин (1991) бүтүргөн. 1987–89-ж. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа р-ндук ички иштер бөлүмүндө участкалык инспектор, 1989–91-ж. кылмыш издөө тобунда улук ыкчам өкүл, 1991–92-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүндө ыкчам өкүл, 1992–94-ж. Өзгөчө маанилүү иштер б-ча улук ыкчам өкүл, 1994-ж. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1994–97-ж. Нарын р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1997–2001-ж. Кочкор, 2001–02-ж. Ысык-Көл р-ндук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 2002–03-ж. КР ИИМдин Кылмыш иликтөө Башкы башкармалыгында Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, 2003–05-ж. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «Бүркүт» ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн начальниги, 2005-ж. Нарын обл. ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 2005–06-ж. КР ИИМдин Кылмыш иликтөө Башкы башкармалыгынын начальниги, 2007–10-ж. КР ИИМдин ЭММККСтин начальниги, Тогузунчу башкы башкармалыгынын начальниги, КР Улуттук коопсуздук Башкы кызматынын Укук коргоо системасынын контр чалгындоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу, 2010–12-ж. Чүй обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2012-ж. КР ИИМдин министринин биринчи орун басары, 2013-жылдан Жети-Өгүз р-нунун коменданты. КР Президентинин, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары жана 2-даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен сыйланган.