БЕЛЬГИЯНЫН тарыхына кошумча.
1940–44-ж. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда немецтер Б-ны басып алышкан. Өкмөт Англияга качып кетет, падыша Леопольд III Германияга сүргүнгө айдалган, ал 1940-ж. 28-майда Багынып берүү ж-дө актыга кол койгон. 1944-ж. 3-сентябрда Брюссель англия аскерлери тарабынан бошотулган. 1945-ж. королдук бийликтин легитимдүүлүгү ж-дө маселе көтөрүлүп, 1940-ж. Багынып берүү ж-дө актыга кол койгондугуна байланыштуу король Леопольд IIIнү өлкөнүн тургундары айыпташкан. Натыйжада, королдук такты Леопольд IIIнүн уулу Бодуэнге (1993-ж. король Бодуэн көз жумган соң, анын иниси Альберт II такты мураска ээ болгон) өткөн. 1949-ж. Б. НАТОго, 1957-ж. Б. Европа экон. шериктештигине (ЕЭС) кошулган. 1967-ж. НАТОнун баш кеңсеси Б-га көчүп келген.
1960-жылдардын башында «улуттук-лингвистикалык» карама-каршылыктардын курчушу этностор аралык жаңжалга айланып, мамлекеттин кыйрап калуу коркунучун туудурган. Кырдаалдын олуттуулугунан улам Б-нын башкаруучу чөйрөлөрү өлкөнү унитардык мамлекеттен федералдык мамлекетке айландырууга багытталган реформаларды баштоого аргасыз болгон. 1963-ж. августта француз, фламанд жана немец тилдеринин жайылышынын чектерин кайра карап чыгуу б-ча мыйзам кабыл алынып, Брюссель ш-нын атайын (эки тилде) макамы бекитилген. 1970-ж. декабрда мамл. реформа башталган, анын максаты Б. мамлекетинин жаңы субъектилерин түзүү жана аларга кеңири маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү болгон. 1988-ж. ал конституциялык реформа менен толукталган. Б-ны мамл. кайра куруу процесси 1994-ж. февралда, король Альберт II тарабынан Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлушу менен аяктаган. Б. федералдык мамлекетке айланып, төрт лингвистикалык (тилдик) облуска (фламанд, валлон, немец жана эки тилдүү Брюссель) бөлүнгөн, анда эки типтеги федералдык субъекттер – экон. региондор (фламанд, валлон жана брюссель) жана этникалык жамааттар (фламанд, француз жана немец тилдүү) параллелдүү иштеген. О. эле өкмөттү түзүү процессинде ар кандай лингвистикалык топтордун тең укуктуулук принциби орнотулган. Региондор жана жамааттар өздөрүнүн мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик органдарын түзүү укугуна жана экон., мад-т, билим берүү ж. б. маселелерде автономияга ээ болушкан. 1970–90-ж-дагы реформалар Б-ны негизинен консолидациялоого мүмкүндүк берген.
2003-ж. Б. бир жыныстагы никени мыйзамдаштырган дүйнөдөгү экинчи мамлекет болуп калды (Нидерландыдан кийин). 2006-ж. Б. - Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы. 2008-ж. Б-нын премьер-министри Ив Летерм ири бельгиялык «Fortis» финансы компаниясынын сатылышына байланыштуу ызы-чуудан улам кызматтан кетип, анын ордун фландриялык христиан-демокр. партиясынын лидери Херман ван Ромпёй ээлеген. Херман ван Ромпёйдин жаңы өкмөтүнө мурунку президент жетектеген ошол эле беш саясий партиянын өкүлдөрү кирген. 2010-жылы кезексиз парламенттик шайлоо болуп, бирок өкмөт түзүлгөн эмес. Б. өкмөтсүз 540 күндү белгилеп, ошону менен дүйнөлүк рекорд койгон. 2011-ж. Элио ди Рупо башында турган жаңы министрлер кабинети королго ант берген. 2012-жылдын октябрь айында Б-да регионалдык шайлоо өткөрүлүп, радикалдык маанайдын өсүшүн көрсөткөн. 2013-ж. король Альберт II тактыдан баш тартып, анын уулу Филипп тактыга отурган. 2014-ж. мамл. реформаларды жүргүзүү ж-дө мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык аймактарды каржылоо тутумуна өзгөртүүлөр киргизилген. 2015-ж. өсүп жаткан террордук коркунучтардан улам Б-да коопсуздукту күчөтүү чаралары киргизилген. 2019-ж. Б-нын федеративдик өкмөтүнүн тарыхында биринчи аял премьер-министр С. Вилмес шайланган. 2019–20 жылдардагы COVID-19 пандемиясы учурунда Вильмес өкмөтү оппозициянын колдоосуна ээ болуп, санитардык кризистен чыгуу үчүн федералдык деңгээлде атайын ыйгарым укуктарга ээ болгон. 2020-ж. 17-мартта Вильмес өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын король Филипп бекиткен.