АҢЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЧЫЛЫК – эт, тери, май ж. б. алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы менен жапайы айбанат жана илбээсин уулоо. А. адам­дын байыртадан эле жашоо-тиричилик булаты болуп келген. Алгачкы адамдар А-ка чогуу (топтошуп) чыгып, таш, таш балта, найза сымал курал пайдаланышкан. Тарыхта А. ар бир элдин тиричилигинде ар түрдүү мааниге ээ болгон. Эл жашаган чөйрөгө, токойлорго жана жаныбарларга карата өнүккөн. Түн. элдеринде б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле деңиз жаныбарларына кайык менен, жээктен, муз үстүндө А. кылуу белгилүү. Тайга менен тундрада ит жана тутма курал менен А. таралган. Азиянын көчмөн элдерине атчан алгыр куш салуу мүнөздүү болгон. Индонене­зия жана Түш. Америкада үйлөмө куралдар, ал эми тропик токойлорунда жашаган элдер жаа жана найза колдонушкан. Кыргыздар башка түрк элдериндей эле илгертен мал чарбасы менен А-ты кесип кылып келген. Негизинен мылтык, аңчы ит (тайган, лайка ж. б.), , алгыр куштардын жардамы менен А. кылынат, о. эле капкан, кылтак ж. б. колдонулат. А. кылуунун көп ыкмалары бар. Аларга мылтык атып, из кууп аң уулоо; өңүткө туруу (мис., айбанат ийининин жанына, сууга келчү жолуна, түнөгүнө ж. б.); айбанаттын ийинин казуу, түтөтүү же суу толтуруу; үн салып чакыруу (мис., үнүн тууроо); айдоо (мис., кайберенди өңүттөгү мергенчини көздөй) ж. б. A-та тутма куралдар да пайдалаала­нылат. Мындай куралдар, мис., капкан, тузак ж. б. ийиндин оозуна, айбанаттар өтүүчү жолго, суу ичүүчү жерге ж. б. коюлат. Азыркы мезгилде А. шарттуу түрдө үчкө бөлүнөт. П р о м ы с е л д и к А. – аңчылыктын негизин түзөт. Максаты – куну териси, кайберен эти менен өнөр жайды, калкты камсыз кылуу ж. б. С п о р т т у к А. - куну айбанат, кайберен, илбээсин кармоодон тышкары аңчынын ыкчамдыгын, чыйрактыгын ж. б. арттырат, о. эле эс алууда да чоң мааниге ээ. И л и м и й А. – промыселдик фаунаны, алардын ылаңдарын ж. б. изилдөө үчүн ил. мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы А-тын өөрчүшү табиятты үнөмдүү пайдалануу жана табиятты коргоо маселелерине байланыштуу мамл., о. эле мамлекет аралык планда чечилет. О. эле к. Биотехния.