АЧЫТКЫ
Jump to navigation
Jump to search
бозо, максым, кымыз, камыр ж.б-ды ачыта турган көрөӊгө, үрп, камыр туруш. Бозо, максым, кымыздын А-сы ‒ көрөӊгө; кымыздын алгачкы А-сы ‒ үрп (мурунку жылы күзүндөгү кымыздын үрпүн сүзүп алып кургатып коёт); камырдын А-сы ‒ камыр туруш. Камыр ачытууда камыр туруш жок болуп калса, А-нын ордуна бозо колдонушкан. Максымдын көрөӊгөсү калбай калса, А. катары бозону же камыр турушту жылымык сууга эзип куюшкан. Учурда күндөлүк турмушта камыр ачытууда камыр туруштун ордуна атайын технологиялык жол менен даярдалган А. колдонулат.