АЦЕТАТ БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТАТ БУЛАСЫ ‒ ацетилцеллюлозадан алынуучу жасалма була. Анын эки түрү бар: диацетилцеллюлоза жана триацетилцеллюлоза. Ал целлюлозаны орг. эриткичтерде эритүүдөн алынат. Диацетилцеллюлозадан алынган булада 17‒22% гидрокычкыл жана 78‒83%ке чейин ацетил топтору болот. Мындай булалар гидрофилдик касиетке ээ. Триацетилцеллюлозадан алынган булада 97‒98%, кээде 100%ке чейин ацетил тобу болгондуктан, гидрофобдуу касиетке ээ. Диацетилцеллюлозадан алынган буладан өнөр жай үчүн тех. мааниси бар буюмдар даярдалат. А. б. көп касиеттери б-ча синтездик булаларга караганда жогору турат. Созулгуч, жумшак жана кооз келгендиктен, жасалма жибек кездеме жана тор кийим токулат. Андан жасалган кездемелер аз бырышып, ультракызгылт-көк нурду жакшы өткөрөт. Жогорку темп-рага, жегичтер менен орг. эриткичтердин таасирине, сүрүлүүгө чыдамсыз.