АФИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

А ф и н а П а л л а д а ‒ байыркы грек мифологиясындагы акылмандык жана адилет согуштун пири. Миф б-ча А. туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афины ш-нын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган.

«Найзага сүйөнгөн Афина». Афины акрополуна тартылган сүрөт. Мрамор. б. з. ч. 460-ж. Акрополь музейи.

Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» А-нын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, о.эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу, троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясын да чагылдырылган. Римдиктер А-ны Минерва деп аташкан.