АТЧАНДАР АРМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, А. И. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. И.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ граждандык согуш мезгилиндеги (1917‒22) Кызыл Армиянын кавалериясынын оперативдүү эӊ ири бирикмелери. 1-А. а. (1919-ж. ноябрь ‒ 1923-ж. окт., командачысы С. М. Будённый) 1919‒20-ж. анын ичинде Деникиндин, П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы операцияларга, сов.-польшалык согуштарга катышкан. 1-А. а-нын катарында кийин көрүнүктүү сов. аскер башчылары болгон С. К. Тимошенко, А. В. Хрулев, О. И. Городовиков, И. В. Тюленев, И. Х. Баграмян, К. С. Москаленко, А. А. Гречко кызмат кылган; 2-А. а. (1920-ж. июль ‒ дек., командачысы О. И. Городовиков, кийинчерээк Ф. К. Миронов) Врангелдин аскерлерине каршы согушкан. А. а. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде да массалык баатырлык көрсөткөн, ага «Гвардия» деген наам берилген. Армиянын татаал согуш техникасы менен жабдылышы А. а-нын жоюлушун шарттады.