АТТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– тарыхый облус. Борб. Грециянын түш.-чыгышында жайгашкан. Аянты болжол менен 3808 км². Түн-төн Беотия, батыштан Коринф мойногу аркылуу Мегарид жана Пелопоннес менен чектешет. А. аймагын адамдар неолит доорунда эле мекендеген. Аларды автохтондор (түпкү эл) деп аташкан. Алардын ата-бабалары байыркы ион уруусуна таандык. Бардык ион элдериндей эле Аттика ш-нын тургундары төрт урууга же класстарга (фила) бөлүнгөн: гелеонттор (ак сөөктөр), гоплиттер (жоокерлер), эгикорейлер (малчылар) жана эргадейдер (дыйкандар). А-да 12 көз карандысыз жамааттар союзу түзүлгөн. Алар: Кекропия, Элевсин, Декелея, Афидна, Браврон,Торикос, Китерос Сфетос, Кефисия, Тетраполис, Эпакрия, Тетракомия. Жамааттар союзунун борбору катары Афина ш. А-нын саясий түзүлүшүндө жана маданий турмушунда чечүүчү ролду ойногон. А-лыктар дыйканчылык (жүзүм, зайтун, арпа, буудай ж. б. дан эгиндери) мал чарбачылык (кой-эчки) жана кол өнөрчүлүк (карапа, металл иштетүү, кеме куруу) менен кесиптенишкен. Лавриондо күмүш, темир рудасы жана чопо казылып алынган, бул кол өнөрчүлүктүн жана сооданын алгачкы өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. А. акырындан Грециянын өнүккөн социал.-экон., саясий жана маданий аймактарынын бири болгон.
Ш. Керимова