АТОМ СПЕКТРЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТОМ СПЕКТРЛЕРИ - эркин абалындагы же начар байланышкан атомдордун электр-магнит нурун бөлүп чыгаруудан же жутуудан алынуучу оптикалык спектрлер. Алар тыгыз эмес бууларда жана газдарда болот. А. с. нурлануу жыштыгы n менен мүнөздөлүп, ар бир сызыгы атом энергиясынын ei жана ek энергия деӊгээлинин ортосундагы өтүшүнө туура келет: ei ‒ek=hn, мында, h ‒ Планк турактуулугу. А. с. ачык көрүнгөн жекече касиетке ээ. Алардын көрүнүшү берилген элементтин атомунун түзүлүшү менен гана аныкталбастан, сырткы факторлору ‒ темп-ра, басым, электр жана магнит талаасы ж. б. менен да аныкталат. Ал көзгө көрүнгөн, ультракызгылт-көк жана инфракызылга жакын спектр аймактарында байкалат. Аны бөлүп чыгаруу түрдүү жолдор аркылуу, б. а. атомду дүүлүктүрүүдө, ал эми жутулуу туташ спектрдин нурлануусу атм. газ же буу аркылуу өткөндө алынат. А. с-нин жекече заттын сапаттык курамын аныктоо үчүн, ал эми нурландырылуучу атомдун топтолушунун, сызыктардын интенсивдүүлүгүнө көз карандылыгы заттын сандык курамын аныктоо үчүн пайдаланылат. Аны изилдөө атомдун түзүлүшү ж-дөгү илимдин өнүгүшү үчүн өтө маанилүү.