АТАЙЫН ФУНКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАЙЫН ФУНКЦИЯ - математиканын түрдүү бөлүмдөрүнүн, мат. физиканын маселелерин чыгарууда көп кездешүүчү функциялардын классы. А. ф. даражалуу катарлар, чексиз көбөйтүндү, удаалаш дифференциалоо, дифференциал, айырмалык интеграл жана функционалдык теӊдемелер, тригонометриялык катарлар ж. б-дын жардамы менен аныкталышы мүмкүн. А. ф-нын кыйла маанилүү классына бета-, гамма-, дзета-функциялар, гипергеом., параболалык цилиндр функциялары Бессель, Лежандр, Ламе, Матье функциялары, интегралдык синус, интегралдык косинус, толук эмес гамма-функция, ыктымалдык интегралы, эллипстик интеграл, Римандын дзета-функциясы , автоморфтук функция ж. б. кирет. Ад.: Прудников А. П., Брычков И. А., Маричев О. И. Интегралы и ряды. Специальные функции. М., 1983.

Б. Назаркулова .