АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК (а. б.) ‒ астрономиядагы аралык бирдик; Күн системасынын чегинде Жерден Күнгө чейинки аралык: 1 а. б. = 149,597870 км ±2 км (Эл аралык астр. союзда 1976-ж. кабыл алынган). Мис., Плутон планетасы менен Күндүн ортосундагы орт. аралык 39 а. б-ке барабар. А. б-ти 17-к-да И. Кеплер киргизген. Жылдызга чейинки аралык парсек (пс) менен туюнтулат. Жарык жылы ‒1 жылда жарык басып өткөн аралык (9 трлн км же 1/3 пс).