АСПИРИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПИРИН (лат. acidum spiricum ‒ салицил к-тасынын алгачкы аталышы) ‒ацетилсалицил к-тасынын коммерциялык аты. 1853-ж. синтезделген. Дарылоо практикасына нем. дарыгер Г. Дрезер киргизген. Ал темп-раны төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы жана ооруну басаӊдатуучу дары. А. калтыратмада, баш ооруганда , невралгияда , кызыл жүгүрүктө ж. б-да кеӊири колдонулат. 20-к-дын ортосунда анын антитромбоциттик таасири байкалып, ошого байланыштуу антиагрегант катары кеӊири пайдаланылат. Чоӊ дозада кабыл алганда баш айланат, угуу начарлайт, аллергиялык реакциялар ж. б. болот. Аны тамактан кийин сууга эритип ичүү сунуш кылынат. А. айрым дарылардын (цитрамон, седальгин, алько-прим ж. б.) курамына кирет. Абдан көп колдонулуучу дары болуп эсептелет (мис., Америкада жылына 20 т чамасында пайдаланылат).