АСКЕР УКУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР УКУГУ– КРдин куралдуу күчтөрүн уюштуруу принциптерин, формаларын, аскерлерди башкаруу негиздерин, куралдуу күчтөрүн комплекттөө, аскердик кызмат өтөө тартибин; аларды материалдык жана акча каражаттары менен камсыз кылуу аскер кызматчыларына жана алар­дын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктерди, пен­сия, пособиелерди дайындоо ж. б. жоопкерчиликтерди аныктайт. Аскердик укуктун негиз­ги булактары катары КРдин эл аралык келишимдери, Конституциясы, «Коргоо жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» ж. б. мыйзамдары, о. эле аскердик башкаруу органдарынын актылары: устав, жобо, методикалык көрсөтмөлөр, колдонмолор, эрежелер жана директивалар саналат.